鶹ý

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУ эшиктерин ачат: бир күнгө университеттин бир бөлүгүнө айлан!

30&Բ;января&Բ;2025

8-февралда БААУда Ачык эшиктер күнү өткөрүлөт. Университет абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин, жалпы эле каалоочулардын баарын аталган иш-чарага катышууга чакырат.

Бул күнү сиз окууга тапшыруу шарттары, сынактар, окутуу программалары тууралуу маалымат аласыздар. Бирок эң башкысы сиз бир күнгө БААУнун атмосферасына сүңгүп киресиз: кампус менен таанышуу, аудиторияларга баш багуу, китепкананын кызматынан пайдалануу, биздин студенттердин кантип сабактарга даярдануусуна күбө болуу, ашканада даам сызуу.

Студенттик “Миррорс” театры иш-чаранын коноктору үчүн атайын шоу даярдоодо, ал күндүн аягында форумда орун алат.

Баарынан маанилүүсү, окууга тапшырып жаткандар жана алардын ата-энелеринде окуу жайдын президенти Тимоти О'Коннор менен баарлашып, кызыктырган суроолоруна жооп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Ачык эшиктер күнүнө каттоо: .

Биз сиздерди 8-февралда саат 12:00дө күтөбүз.

Фото из архива

<<